Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 85

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2013-жылдан калган калдык каражаттарды бекитүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2013-жылдан жергиликтүү бюджетте калган (негизги счетто) 890,4 миӊ сом, 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин.

 2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2013-жылдан калган калдык каражаттарды, 2014-жылдын бюджетинде жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.

 3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеӊештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов