Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2015-жылдын 17-марты № 14/4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун 2014-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы абалын жонундо айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык болумдун башчысы Б.Султанованын маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун 2014-жыл бюджетинин бекитилген планы 22059.4 мин сом, аткарылышы 19895.7 мин сом, 2163.7 мин сомго кем аткарылгандыгы жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун 2014-жыл бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык болумдун башчысы Б.Султанова, жогорку органдарга тиешелуу финансылык отчетторду оз убагында тапшырбагандыгы, сарпталган бюджеттик акча каражатынын отчетун оз убагында тиешелуу жооптуу адамдардан камсыз кылбагандыгы, айыл өкмөтүнун бюджетинин аткарылышына орчундуу финансалык кемчилдиктерге жол берилгендиги жана айыл өкмөтүнун финансы-экономика болумунун башчысынын функционалдык милдеттерин так, жеткиликтуу аткарбагандыгыжана айыл өкмөтүнун карамагындагы мектеп,бала бакчалардын электр энергиясына болгон карызды мезгилинде эсептешуу жургузбой айыл өкмөтүнун электр энергиясынын карызын кескин турдо остурууго жол бергендиги учун ээлеген кызмат абалына жооп бербегендиги белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жана депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кенешинин социалдык-маданий , билим беруу , спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик , маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы К.Эркебаевага жуктолсун.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Абдыкадыров |