Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 15-апрели № 104
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары АШК тарабынан түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктагандыктан, кайрадан Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кызыл-Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда бекитилсин (тиркеме тиркелет).
№2242 Бууракан участкалык шайлоо комиссия мүчөсү 7-адам
№2243 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссия мүчөсү 11-адам
№2244 Камыш-Башы участкалык шайлоо комиссия мүчөсү 13-адам
№2354 Кызыл-Жылдыз участкалык шайлоо комиссия мүчөсү 7-адам
2. Жогорудагы адамдардын участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүкө киргизүү жагы Токтогул АШКдан суралсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |