Редакцияот 24.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2014-жылдын 24-июну № 122

Ө.Жайыловдун сунушу жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына караштуу Көк-Таш айылы тарабынан көрсөтүлүп шайланган айылдык Кеңештин депутаты Ө.Жайыловдун сунушун угуп,талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынына караштуу Бел-Кара-Суу айылынан кыргыздын улуттук оюндары улак тартыш,эңиш, ат чабыш оюундарын өткөрүүгө жер бөлүп берүү жагы , айыл өкмөттүнүн жер аянттарын аныктап,баардык багыттагы жерлерди тактоо жөнүндө комиссиясынан тапшырылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.

3.Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов