Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 21-июлу № 123
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш, Коңур-Өгүз айылдарындагы борбордук А.Борбуев, Арзыбай уулу Мамажан атындагы көчөлөрдүн жолдорун оңдоого түрткү берүүчү грантка киргендигине байланыштуу 10 % элдик салымды айыл өкмөттүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Өзгөрүш, Коңур-Өгүз айылдарындагы борбордук А.Борбуев, Арзыбай уулу Мамажан атындагы көчөлөрдүн жолдорун оңдоо түрткү берүүчү грантка киргендигине байланыштуу 10 % элдик салымдын 89,0 миң сом каражат айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин жыл башында ички жолдорду ремонттоого бекитилген каражатынын эсебинен жылдырылып бөлүнүп берилсин, ал эми салымдын калган 200,0 миң сом каражатты элден чогултуу жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
2. Жолду капиталдык ремонттон өткөрүүгө тендерден уткан фирманын аткарган ишинин сапаттуулугун көзөмөлгө алуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Ж.Ысырайылов – айылдык Кеңештин төрагасы;
2. К.Байсопуев – айылдык Кеңештин депутаты;
3. Э.Шадыбеков – айылдык Кеңештин депутаты;
4. М.Базаркулов – айылдык Кеңештин депутаты;
5. А.Уметалиев – айыл өкмөт башчысынын орун басары;
6. Д.Садабаев – айыл башчы;
7. О.Асанбаев – айыл тургуну;
8. С.Борбуев – айыл тургуну;
9. А.Абдыракманов – айыл тургуну.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон суралсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |