Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 21-июлу № 124
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жаңы курулган бала бакчаны курулуш иштерин кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жаңы курулган бала бакчаны курулуш иштерин кароо жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты М.Сатаровдун сунушун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жаңы курулган бала бакчаны курулуш иштерин сапатуулугун карап, жараксыз абалда курулгандыгын көрсөтүп прокуратурага кат жолдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн жана бала бакчанын сапаттуу оңдолушун көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлүп бекитилсин.
1. А.Уметалиев – айыл өкмөт башчысынын орун басары;
2. М.Сатаров- айылдык Кеңештин депутаты;
3. Н.Сасыкулов – айылдык Кеңештин депутаты;
4. М.Суранбаева – айылдык Кеңештин депутаты;
5. Н.Султанкулова – айылдык Кеңештин депутаты;
6. Ш.Капалбаев – айылдык Кеңештин депутаты;
7. А.Ибраимова – айылдык Кеңештин депутаты.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон жана тиешелүү комитеттен суралсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |