Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 21-июлу № 125
Беларусь 82-1 маркасындагы трактордун иштөө убактысын жана кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына Бишкек шаарынан Бишкек эркин экономикалык аймак аркылуу келген Беларусь 82-1 маркасындагы трактордун иштөө убактысын жана кызмат акысын бекитүүнү талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына Бишкек шаарынан Бишкек эркин экономикалык аймак аркылуу келген Беларусь 82-1 маркасындагы трактордун иштөө убактысы эртең менен саат 8-00 дөн кечки саат 18-00 гө чейин. Кызмат акысы айыл ичинде саатына 1500 сомдон күйүүчү майы ичинде,ал эми башка айылдарга сыртка кызмат акысы 2000 сомдон күйүүчү майы ичинде, айыл аралыктар эсептелип күйүүчү майын куйуп алып кетүү жагы белгиленсин. Кызмат акысынан түшкөн акча каражат айыл өкмөттүн кассасына кириштелсин.
2.Трактордун иштөө убактысын жана элди тейлөөдөгү кызмат акысын көзөмөлгө алуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
1.Д.Садабаев-Айыл башчы
2.Э.Бусурманов-Айылдык Кеңештин депутаты
3.Н.Мураталиев- Айылдык Кеңештин депутаты
4.А.Ибраимова-Айылдык Кеңештин депутаты
5.К.Байсопуев-Айылдык Кеңештин депутаты
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына келген Беларусь 82-1 маркасындагы трактордун айдоочусу Э.Аманбаевдин айлык акысы трактордун кызмат акысынан түшкөн акча каражаттын 12% эсептелип төлөнүп берилсин.
4. Беларусь 82-1 маркасындагы трактор Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдун үйүндө токтотулуп, трактордун коопсуздугун сактоо жагы Ө.Төрөкуловго жана трактордун айдоочусу Э.Аманбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон суралсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |