Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 21-июлу № 127
К.Сулпукорованын сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси К.Сулпукорованын сунушун талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин 04.06.2014-жылдагы №308 буйругунда “Мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө” жобого ылайык, ар бир жөлөк пул алуучу үй-бүлөөнүн үлүш, кожолук, аренда, өздөштүрүлгөн жерлери так жана даана көрсөтүп тактап, айыл өкмөттүн чарба китепке каттоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
2. Айыл өкмөтү тарабынан жөлөк пул алууга берилген тактамага жер үлүштөрүн көрсөтүп берүү жагы жооптуу катчы Б.Чекировага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон суралсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |