Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 21-июлу № 128
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын айыл башчысы С.Сейдикеримовдун сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын айылына айыл ичиндеги ички жолдорго жана айылга келүүчү арыктарга коюу үчүн 6 (алты) даана азбиз труба айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин жыл башында ички жолдорду ремонтоого бекитилген каражатынын эсебинен алып берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловдон тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Ысырайылов |