Редакцияот 12.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын 12-сентябры № 133

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Садыковтун ар кандай маселелерди кароодо жыл башында бекитилген жергиликтүү бюджеттен электр энергияга каралган мектептер боюнча сметадагы чыгымды мектептерге көмүр алууга жумшоо үчүн маалыматты жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга түзүмүнүн чыгаша бөлүгүндөгү электр энергияга IV кварталга мектептерге каралган каражаттан III кварталда мектептерге көмүр алуу үчүн 282,0 миң сом жумшоо жагы каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет, салык жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Өктөнбековго жүктөлсүн.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов