Редакцияот 04.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 4-декабры № 139

Коомдук ишмер О.М.Артыкбаевке Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Төрөкуловдун коомдук ишмер О.М.Артыкбаевке Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамын берүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Коомдук ишмер Артыкбаев Осмонбек Мамбетжановичке айылдын социалдык – экономикалык абалына жакындан кошкон эмгек салымы үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамы берилсин.

2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Ысырайылов