Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № 19/3

Ветеринардык комплекс куруу боюнча жер бөлүп берүү жөнүндө

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу,  Жаңы-Жол тургундарына, элдин кызыкчылыгы колдоп веткомплекс куруу үчүн Баялиев Картбек, Шукуров Конок, Чороева Ася жана башкалардын сунушун эске алып, талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылына тиешелүү болгон Орто-Кырман участкасындагы, кампанын он жак тарабынан веткомплекс куруу үчүн 50 соток жер менчикке «Айдарбек» коомдук бирикмесине бөлүнүп берилсин.

2. Веткомплексти курууга, өз каражаты менен «Айдарбек» коомдук бирикмесинин башчысы Айдарова Замирага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жер адиси Р. Музаканов жана Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Ж. Каратокоевко милдеттендирилсин.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова