Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № 19/9

Ак-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында спорт аянтчасын куруп бүтүрүү үчүн Жаңы-Жол айылынын тургундарынын курулуш ишине 10% салым кошуу жөнүндө

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыдыкановдун Жаңы-Жол айылына спорт площадка куруп бүтүрүү үчүн айылынын тургундарынан 5% өздүк салымы нак акча менен 1250 миң сом 5% эмгек түрүндө 148,0 сом кошуусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Ж.Каратокоев Жаңы-Жол айылына курула турган спорт аянтчасына айыл тургундарынан 5% өздүк салымы катары 125.0 сом нак акча түрүндө төлөнсүн , 5% эмгек түрүндө 148.0 сом кошуу жагы милдеттендирилсин.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова