Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 21/3
Жаңы-Жол айылынын жаштар комитетинин мүчөлөрүнө Жетибаев Токтогулдун өткөрүп берген жеринен 5га арендага берүү жөнүндө
Жетибаев Токтогулдун өткөрүп берген 5га жерин Жаңы-Жол айылынын жаштары фонд түзүү үчүн сурап жатышат. Жер адис Музаканов Р. билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылынын жаштары фонд түзүп 5га жер арендага берилсин.
2. Жерди пайдаланганы үчүн ар бир гектарына үч миң сомдон аренда акысы төлөнсүн.
3. Жерди тактап берүү жана келишим түзүү жагы жер адис Музаканов Р. милдеттендирилсин.
4. Көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылынын башчысы Каратокоев Ж. көзөмөлдөсүн.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |