Редакцияот 25.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы

 

2015-жылдын 25-майы № 22/4

Жаңы-Жол айылынын тургуну Сыдыкбекова Жанаркулдун арызы жөнүндө

Жаңы-Жол айылынын тургуну Сыдыкбекова Жанаркүлдүн үй салууга жер участкасын сурап жазган арызын карап Музакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айылынын тургуну Сыдыкбекова Жанаркүлдүн арызы канаттандырылып Байгазиев Атабектин үйүнүн түндүк тарабындагы коо болуп бош жаткан жерден там салып огород кылып пайдаланууга 0,20га жер участкасы кесилип берилсин.

 2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы Ж.Каратококоевко милдеттендирилсин

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Т. Абрахманова