Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 24/1
Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон Кара-Суу Жаңы-Жол айылдарынын жолдорунун асфальтына төшөлгөн эскертүү полиция белгисин (лежачий полицейский) коюу жөнүндө
Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон Кара-Суу, Жаңы-Жол айылдарынын жолдорунун асфальтына төшөлгөн эскертүү полиция белгисин коюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы а.Сыдыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаңы-Жол айылынын мектебинин жанындагы чоң жолдогу зебронун он жана сол тарабына жолдорунун асфальтына төшөлгөн эскертүү полиция белгиси коюлсун, 50 метр аралыгында.
2. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Суу айылынын Кочкор–Ормон Хан жолунун Орто кырман участкасынын эки жерине, Кара-Суу айылынын көчөсүнүн башы, ортосу жана аягына жолдорунун асфальтына төшөлгөн эскертүү полиция белгиси коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Сыдыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |