Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-ноябры № 28/4
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын тургуну Эсенбаев Съездбек
Келдибековичтин арызы жөнүндө
Ак-Кыя айыл өкмөт катчысы Токсонова Б.: «Кара-Суу айылында тургуну Эсенбаев Келдибек 1922-жылы туулган. 1938-жылы мугалимдик кесипте, 1942-1944жж Улуу Ата-мекендик согушка катышып, бир нече орден-медалдарга ээ болуп жарадар болуп келген. Согуштан кийин дагы эмгегин элине-жерине арнаган. 2015-жылдын 21 июлунда дүйнөдөн кайткан. Бул адамдын эмгегин баалап Кара-Суу айылдык клубунда жайгашкан китепканага Эсенбаев Келдибектин атын берүүңүздөрдү суранабыз».
Ак-Кыя айыл аймактык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн клубунда жайгашкан китепканага Кара-Суу айылынын тургуну Эсенбаев Келдибектин наамы берилсин.
2. Бул иштин документтерин толуктап аткаруу жагы Кара-Суу айылынын тургуну Эенбаев Съездбекке тапшырылсын.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |