Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-ноябры № 28/6
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын тургуну Жетибаев Токтогулдун арызы жөнүндө
Жаңы-Жол айылынын башчысы Ж. Каратокоевте: «Жаңы-Жол айылынын тургуну Жетибаев Токтогул 1992-жылы 24-январында, 20-жылдык мөөнөт менен 60га жер аянтын пайдаланып келген. Мөөнөтү бүткөндүктөн Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сыдыканов А. Кочкор райондук сотуна кайрылган. Жетибаев Токтогулдун ишенимдүү өкүлү Жетибаев Нурлан өз макулдугу менен жерди өткөрүп берген. Жетибаев Токтогул өзүнө тиешелүү болгон үлүш жерин 16 жанга сурап, арыз менен кайрылган».
Ак-Кыя айыл аймактык кеңеши угуп жана талкуулап 14 жанга
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын тургуну Жетибаев Токтогулга мыйзам ченеминде 14 жанга 6га 30 соток үлүш жер берилсин.
2. Берилген жердин документтерин толуктап, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Музакановко . жана Жаңы-Жол айылынын башчысы Ж.Каратокоевке тапшырылсын.
3. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы А.Сыдыкановко буйрук чыгарып берүү жагы милдеттендирилсин.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |