Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № 29/4
Айылды инвестициялоо долбоорун 3-этабын аткаруу үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарындагы АРИСтин проектилерине койгой тандоо боюнча өткөрүлгөн фокус топтордун протоколдорунун негизинде тандалып алынган көйгөйлөрдү бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүндө түзүлгөн конкурстук комиссиянын төрагасы А.Сыдыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Кыя айыл аймагынын депутаттарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвестициялоо долбоорун 3-этабын аткаруу үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын тандап алган артыкчылыктуу көйгөйлөрү жактырылсын жана конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин.
2. Кара-Суу айылынын Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга жана Кара-Суу айылдык клубуна театралдык инвентарларды алуу боюнча долбоору АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорун 3-этабына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүккө алынсын жана кийинки сессияларда билдирүү берип туруу жагы конкурстук комиссиянын төрагасы А.Сыдыкановго тапшырылсын.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |