Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № 29/8
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын конторасынын 2012-жылы октябрь айында
Стим грант менен жүргүзүлгөн ремонт иштери жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, «Мессина» ЖЧКму тарабынан жүргүзүлгөн Жаңы-Жол айылындагы конторасынын ремонт иштери, ошондой эле 2015-жылдын 12-декабрында түзүлгөн актыны жана Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 15-декабрь 2015-жылы түзүлгөн сметанын малыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылындагы конторасынын ремонт иштери «Мессина» ЖЧКму тарабынан сапатсыз жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 15-декабрь 2015-жылы түзүлгөн ремонт иштеринин сметасы бекитилсин.
3. Сметада көрсөтүлгөн ремонт иштерин 2016-жылдын март айынын ичинде жүргүзүү маселесин кароо үчүн токтом жана сметанын бир нускасы «Мессина» ЖЧКна жиберилсин.
4. Ремонт иштерине көзөмөлдөө жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыдыкановго жүктөлсүн.
Ак-Кыя айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Т. Абрахманова |