Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 1
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоо боюнча Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Өзбек Республикасынын Сох району менен чектелген чек арасын тактоо боюнча айтылган жогорудагы жолдоштордун ой-пикир, сунуштары жактырылсын.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн чек арасын тактап берүү боюнча жогорку органдарга кат жүзүндө кайрылуу жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү И.Гайназаровго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Жоробаевге тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|