Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 3
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-февралындагы №2-13-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы “Кара-Токой” гимназия мектеби жана аты аталган мектептин базасында ачылган мектеп жатаканасы 1996-жылдан бери иштеп келе жаткандыгына байланыштуу Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-февралындагы № 2-13-токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин Vчакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-февралындагы № 2-13-токтомунунун 1-пункутунун 1-подпункутуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“Кара-Токой”гимназия мектебине 1,75 га Боз-Адыр айылы;
-“Кара-Токой”гимназия мектебинин жатаканасына 0,18 га Боз-Адыр айылы; жер аянттары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2-пункутту Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.
3. Токтомдун калган болүгү өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. Ушул токтомдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|