Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы

 

2013-жылдын 28-июну № 1

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Суу-Башы айыл өкмөтүнүн

жергиликтүү эмгек жамаатарынан өкүл көрсөтүү жөнүндө

 

 Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү эмгек жамаатарынан өкүл көрсөтүү максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү эмгек жамааттарынан Боз-Адыр айылдык №11 Үй-Бүлөлүк-Дарыгерлер тобунун медайымы Шерматова Мери Хамиталиеванын талапкерлиги сунушталсын.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов