Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 30-июлу № 1

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү  түзүмү жана штаттык санын бекитүү  жөнүндө

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын  кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтому айыл өкмөтү тарабынан аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин ( тиркемеде).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов