Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 30-июлу № 2

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө кошумча функционалдык милдеттерди киргизүү жөнүндө

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө Су кошумча функционалдык милдеттерди киргизүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айыл өкмөтүндө штаттык кыскаруулар болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк зарылчылын эсепке алып төмөнкү  адистиктерге кошумча функционалдык милдеттер жүктөлсүн:

- Кирешелер боюнча жетектөөчү адистигине -экономист-статист адисинин функционалдык милдетин аткаруу кошумча жүктөлсүн.

- Балдар,жаштар жана спорт маселери боюнча адистигине иш-кагаздарды жүргүзүүчү катчынын функционалдык милдетин аткаруу кошумча жүктөлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби, мыйзамдууулукту сактоо жана этика комиссиясына тапшырылсын.

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов