Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-сентябры № 1
Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги
Vсессиясынын №2-токтомунун аткарылыш абалы жөнүндө
Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №2-токтомунун аткарылышын карап чыгып, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №2-токтомунда көрсөтүлгөн кемчиликтер аткарылбагандыгы үчүн СОППВ Жан-Булак таза суу бирикмесинин башчысы Пазылов Кутуга катуу эскертүү берилсин.
2. СОППВ Жан-Булак таза суу бирикмесинин башчысы Пазылов Куту жылдык отчетун даярдап, 2013-жылдын 16-октябрында жалпы элдик жыйында отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин көрктөндүрүү, муниципалдык Менчик жана социалдык-маданий маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|