Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-сентябры № 5
Учурда каралуучу маселелер жөнүндө
Учурда каралуучу маселелер боюнча Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Адыр айылындагы “Лилия” балдар бакчасынын имаратында убактылуу жашап жаткан Кара-Токой гимназия мектебинин окуучуларына жатакана маселесин чечип берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазыловага милдеттендирилсин.
2. Кара-Токой айылынын аймагындагы “Коз-Булак Ата” ыйык жайы Сох дарыясынын суусунун агымы кирип суу алып кетүү коркунучунун алдында тургандыктан дарыянын суусунун нугун тосуп анын жээктерин бекемдөө жумуштарын аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазыловага жүктөлсүн.
3. Боз-Адыр айылындагы жеке ишкер Салиев Назарали менчик мончосуна керектелүүчү сууну СОРОС таза суу түтүгүнөн пайдалануусу үчүн айылдын жалпы элинини макулдугун алуу менен пайдалансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин көрктөндүрүү, муниципалдык Менчик жана социалдык-маданий маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|