Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 24/5
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №14 буйругу Алай районунун аймагында жолбун байлоосуз жүргөн иттерди атуу өнөктүгүн өткөрүүнү Ленин айыл өкмөтүндө ишке ашыруу жөнүндө
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 1-февралындагы № 14 буйругу аткарууга алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда үйүнөн 25 м алыстыкта байлоосуз жүргөн жолбун ит-мышыктарды атып жок кылынсын. Атылбаган ит-мышыктарды паспорттоштуруу, эмдөө жасоо жана атылган иттерди көмүү, уюштуруу иштери айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда байлоосуз жүргөн жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу үчүн мергенчилер бригадасы менен келишим түзүлсүн
4. Мергенчилер тобуна жетиштүү сандагы ок-дарылар менен камсыз кылуу үчүн сметага ылайык 35000 (отуз беш) мин сом акча каражатын кароо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
5. Айыл чарба малдарынын арасында катталуучу кутурма,сибирь жарасы ооруларын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү ар бир кожолуктарда кармалган иттерди толугу менен учетко алуу, паспорттоштуруу жана аларды кутурма оорусуна каршы өз учурунда эмдөө,жана атылган ит-мышыктардын өлүктөрү үчүн “Беккера” чуңкурларын каздырып, ыргытып көмдүрүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн айыл башчылары А.Айтманбетовго, К.Кадыровго З.Курбановго ,А.Матеиповго милдеттендирилсин.
6.Ит атуу өнөктүгү жүрүп жаткан учурда, айыл кыштактарда мергенчилердин жана жалпы элдин коопсуздугун камсыз кылуу Ленин айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору И.Кенешбаевге милдеттендирилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу жооптуу катчы З.Дубанаевага тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков
|