Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-февралы № 28/5
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Жээмуратованын аткарган иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылүү милдетин аткаруучу С.Жээмуратованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Жээмуратова тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016-жылга алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча түзүлгөн иш чараларды турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн баардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрүн толтурууну камсыз кылуу, ишке болгон жоопкерчиликти жогорулатуу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн басымдуу бөлүгүн түзгөн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүгүүнүн чараларын көрүү, дыйканчылыктын, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды практикалоо, женилдетилген кредиттер менен күйүүчү жана майлоочу майлар, техникалар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго жүктөлсүн.
4. 2016-жылга салыктын өсүү темпин жана план тапшырмаларды толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору Оморов Таштемирге милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт төлөмдөрүнүн план тапшырмалары жыл жыйынтыгы менен толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2016-жылга жайыт акыны малдын башын кайрадан санап, жыйынтык чыгарып, максаттуу пайдалануу жагы М.Дайирбаевге тапшырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жана укук тартибин камсыз кылууда коомчулук менен бирдикте атайын иш-чараларды иштеп чыгып, аны турмушка ашыруу жагы КААБдын төрайымы С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|
| Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 28заседаниесинин 2016-жылдын 06-февралындагы №28/5 токтомуна тиркеме |
Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Жээмуратованын 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча
БИЛДИРҮҮСҮ.
Урматтуу Илияз Ташкулов, урматтуу төрага, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери.
Баарыбызга маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жыл-Улуттук экономиканы чыңдоо”, Ош облусунда “Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы”, Алай районунда “Өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу жылы,” Корул айыл өкмөтүндө “Көрктөндүрүү жылы” деп жарыяланып, 2015-жылдын 12 айында айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономиалык өнүгүүсүн жогорулатуу боюнча бир топ иштер аткарылды.
2016-жылдын январь айына карата калктын саны 7173, 1-Май айылында 1655, Тогуз-Булак айылында 2308, Кең-Жылга айылында 3210. Ал эми кожолуктун саны 1-Май айылында 408, Тогуз-Булак айылында 586, Кең-Жылга айылында 775, жалпы кожолуктун саны 1769 болуп катталды. Быйылкы жылы 2016-жылдан 2020-жылга чейинки жаңы чарба китептер келип, жалпы айыл өкмөтү боюнча 37 китеп болуп, такталып жазылып бүттү.
Жогорку органдан келген кат-кабар боюнча:
2015-жылдын он эки айында 19 токтом, 139 буйрук, 4 чечим 141 кат-кабар келип, алар өз мөөнөтүндө аткарылган.
Арыз даттануулар боюнча:
2015-жылдын он эки айында 28 арыз катталып, арыздар өз мөөнөтүндө чечилген.
Ички жана сырткы миграцияда жүргөн атуулдар боюнча:
2015-жылдын он эки айында айыл өкмөтүнөн жалпы 85 жаран каттоодон чыккан. Алардын ичинен: 59 жаран ички миграцияда ал эми 7 жаран сырткы миграцияда. Ал эми айыл өкмөтүнө каттоого тургандар 68 жаран.
2015-жыл айыл өкмөтүбүздө “Көрктөндүрүү жылы” деп жарыялангандыктан көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаз алды менен мектептерде, ФАПтарда, китепканларда, бала бакчасында, китепканаларда ар жума сайын санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, айыл арасындагы, суу жээктериндеги таштандылар тазаланды. Көрктөндүрүү боюнча жылдагыдан айырмаланып, жалпы айыл өкмөтү боюнча 50 түп карагай эгилди.
Корул айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча бир катар иштер аткарылды. 2015-жылдын декабрь айына карата жалпы кожолуктун саны -1782, калкы -7205 болсо, жакырчылктын денгээли 938 үй-бүлөөгө же 52,6%ды түзөт. Тактап айтканда, тылдын катышуучулары -14, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жок, жалгыз бой карыялар-7, ооган согушунун катышуучулары- 2, аскер майыптары -2, Iтоптогу майыптар-27, IIтоптогу майыптар – 79, III топтогу майыптар -30, 18 жашка чейинки майып балдар – 19, жарым жетим калган балдар-67, тоголок жетим калган балдар – 6, күбөлүгү жок балдар – 2, жалгыз бой энелер – 58, баатыр энелер- 124, көп балалуу үй-бүлөөлөр – 53, 80 жаштан 90жашка чейинкилер – 77, 90 жаштан 100жашка чейинки – 6, 100жаштан жогорку -1 болуп каттоодо турушат.
Корул айыл өкмөтүндө «Балдар жана үй-бүлөөнү коргоо» боюнча иш аракеттер көрүлүп, балдардын укуктарын коргоодо, үй-бүлөөлүк баалуулуктарды сактоодо калк арасында кеңири маалыматтар берилип келет. Ар бир мектептерде, ФАПтарда ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдары такталып, тизмелери түзүлгөн. Алардын мектепке катышуусу, турмушундагы өзгөрүүлөрү социалдык педагогдор тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми документи жок, социалдык жардамга муктаж балдар айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө туруп, бир топ жардамдар берилип келүүдө. Мигранаттардын балдарын тактоодо айыл өкмөтү боюнча 325 бала, толук эмес үй-бүлөөлөрдүн балдары – 80 бала, чон эне, чон атасы, таэне, таятасынын колунда тарбияланууда.
«15-февраль авганецтердин күнүнө» карата айыл өкмөтүндө буйрук чыгып, ага карата иш чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде Корул айыл өкмөтүндөгү афган согушунун 4катышуучусу райондук салтанатка катышып, ар бирине айыл өкмөтү тарабынан 2000сомдон акчалай белектер берилди.
8-март аялдарын эл аралык күнүнө карата Корул айыл өкмөтүндө буйрук чыгып, ага карата иш чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү салтанатка 2013-2014-жылы «Баатыр эне» ордени жана «Эне данкы» медалы мамлекеттик сыйлыктарды алган 40 эне чакырылып, аларга атайын уюштурулган концерттик программалар тартууланып, белектер жана сый тамактар берилди. Салтанатка жалпы 14000сомдук акча каражаты сарпталды. Ал эми 2013-жылы «Баатыр эне» наамын алган 17 энеге орден, «Эне данкы» наамын алган 4 энеге медалдары келип, так, даректүү таркатылды.
Айыл өкмөтү тарабынан калктын социалдык жактан коргоо боюнча даректүү жардамдарды берүүдө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Карабалаев Көчкөнбайга 5000сом, 1-Май айылынын тургуну жакыр үй-бүлөө Абылова Тургунайга ден соолугун чындоого 3000сом, Кен-Жылга айылынын 2топтогу майыбы Эркебаев Мелиске ден соолугуна байланыштуу арызынын негизинде 3000сом, Тогуз-Булак айылынын тургуну Машрапов Кочкорбайга 1000сомдук азык-түлүк пакеттери, Рахман кызы Таннурага ТБ учетто тургандыгына байланыштуу арызынын негизинде 3000сомдук, акчалай жардамдар берилди жана 1-Май айылынын тургуну Апиева Айдайга үйүнө электр учетчиги коюлду.
Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча ар бир бала өз ата-энеси менен жайлоолордо болушса, айыл өкмөтүнөн 2 балага айыл өкмөтү тарабынан жол кирелерине 600сомдон 1200сом төлөнүп, жайкы лагерге барып эс алып келишти.
Корул айыл өкмөтүндө Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата согуш учурундагы ата-бабаларыбыздын тизмелери такталды. 1941-1945-жылдары согушка барып кайтпай калган жана дайынсыз жоголгондор -112, согушка барып жениш менен кайтып келип мекенинде каза болгондор – 69, авган согушунун катышуучулары - 8 болуп такталып, эстелик аянтчасына мрамор ташка чегилип, жазылды. Айыл өкмөтүндөгү эстелик аянтчасы жаңыланып, ремонттолуп, Жеңиш аянтчасы аталып, чоң салтанат өткөрүлдү. Салтанатка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары М.О.Мусаев, Алай райондук каржы бөлүмүнүн башчысы З.Молдокулов, Алай райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Ж.Момунов, «Алай таңы» гезитинин редактору Ж.Жороевалар келип катышышты. Андан сырткары айыл өкмөтүндөгү аксакалдар, тылдын катышуучулары чакырылды. Салтанатта алгач эстелик аянтчасын ачуу боюнча лента кыркылып, согушка катышкандардын урматына эскерүү сөздөрү айтылып, куран түшүрүлдү. Айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан кыскача концерттик программа тартууланды. Салтанатка катышучуларга жалпысына сый тамактар берилип, жалпы 15000 сомдук акча каражаты сарпталды.
Айыл өкмөтүндө баатыр энелер - 122, көп балалуу энелер-54, жалгыз бой энелер -58, эгиз төрөгөн энелер -26, үч эм төрөгөн энелер – 1, жаш кезинен жесир калган энелер – 48, пенсионер энелер – 401 болуп такталды. Ар бир жылда «8-март Аялдардын эл аралык күнүнө» карата, «Энелер күнүнө» карата айыл өкмөтүндө энелерди сыйлап, аларга арналган концерттик программалар тартууланып, чакырылган энелерге сый-тамактар, белектер берилип, жалпы 10000сомдук акча каражаты сарпталды.
«1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө» карата Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасында «Балалыктын ачык асманы» аттуу кече өткөрүлүп, таланттуу бөбөктөрдүн концерттик программалары тартууланды. Балдарга айыл өкмөтү тарабынан 64 балага 5000сомдук белектер таркатылды. Ар дайым балдарга айыл өкмөтү тарабынан камкордуктар көрүлүп, көзөмөлгө алынып келет.
10-июнь Ош окуясында каза болгондорду эскерүү үчүн Корул айыл өкмөтүндө каттоодо турган маркум Сулуев Жалынбектин үй-бүлөөсүнө 3000сом, Орозбаев Курстандын үй-бүлөөсүнө 3000сомдук акчалай жардамдар берилди.
Корул айыл өкмөтүндөгү калкты социалдык жактан коргоодо даректүү жардамдар берилип келүүдө. Тактап атйканда, «Кургак учук» оорусу менен ооруган 1-Май айылынын тургуну Гүлжигит уулу Талантка 1000сом, Тогуз-Булак айылынын тургуну Садыкова Нурзилага 2000сом, Мырзалиева Айзадага 1000сом, I топтогу майыптар 1-Май айылынын тургундары Болотбек кызы Айнура менен Болотбек уулу Төлөгөнгө дары-дармектерине 500сомдон акчалай жардамдар берилди.
Ал эми жакыр үй-бүлөөлөрдүн документи жокторго көмөк көрсөтүүдө 1-Май айылынын тургуну Жолбаева Элзирага паспортуна документ тапшырууга айыл өкмөтү тарабынан 600сом берилип документ алынып берилип, 900сому кызына күбөлүк алуу үчүн сакталып турат.
Корул айыл өкмөтүндөгү «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалына документ тапшырган талапкерлердин документтери такталып, баатыр энеге 11, эне данкына 7 эненин тиешелүү документтери тапшырылды.
Август учетун түзүүдө Корул айыл өкмөтүндө 0-6 жашка чейинки балдардын саны – 1175 бала болсо, анын ичинен 60 бала балдар бакчасына барат.
7 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны – 1594 бала болсо, анын ичинен Корул айыл өкмөтүндөгү мектептерде 2015-2016-окуу жылына карата барган балдардын саны – 1042 болуп такталды.
«1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүн» белгилөө үчүн бир топ иш - аракеттер аткарылды. Айыл өкмөтүндө жашы 75 жаштан жогорку улгайган адамдар -244, Жашы улгайган адамдардын азыркы учурда бардыгы пенсияларын өз убагында алышат. «1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүн өткөрүү» боюнча бир айлыктын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы баш болгон уюштуруу тобунун мүчөлөрү 85 жаштан жогорку карыя аталардын, энелердин үйлөрүнөн кабар алышып, алардын майрамдары менен куттуктап, азык-түлүк пакеттерин таркатып, ал –акыбалдарды, жашоо-турмуш менен кабар алып келишти. 85 жаштан жогорку 45 карыяга азык-түлүк пакеттерин таркатуу үчүн жалпы 16000сомдук акча каражаты сарпталды.
2015-жылдын 17-ноябрь күнү катуу болгон жер титирөөдөн Корул айыл өкмөтүндөгү калк да бир топ жабыр тартты. Анын натыйжасында ар бир үйлөргө түзүлгөн штабдын курамы кабар алып, айрыкча жакыр үй-бүлөөлөргө көнүл бурулду. Ар тараптан келген гуманитардык жардамдар так жана даректүү таркатылды.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 15-ноябрындагы №215 буйругунун негизинде «3-декабрь майыптардын Эл аралык күнүнө карата» айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №142 буйругу чыгып, ага карата иш-чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү бардык майыптардын тизмеси такталып, турмушунан, ден соолугунан эң оор деп эсептелинген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар такталып, аларга жер титирөөдөн келген гуманитардык жардамдар берилип, дары-дармек үчүн 60 майыпка 300сомдон акчалар жардамдар берилүү жагы белгиленди. Ал эми 1 жылдан бери ооруп жаткан Аматов Табалдыга 1000сомдук акчалай жана азык-түлүк пакеттери жана аз камсыз болгон үй бүлөөнүн катарына кирген Апиева Айдайга 1000 сом акчалай жардам катары берилет. Жалпы сарпталуучу каражат 20000сомду түзөт.
Айыл өкмөтүндөгү аз камсыз көп балалуу үй-бүлөөлөргө жөлөкпул чегерүүдө айыл өкмөтүндөгү социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан ар бир кайрылган үй-бүлөөнүн жашоо-шартын анализдөө менен жалпы 409 үй-бүлөө жөлөкпул алууга сунушталды.
Ар тараптан келген кайрымдуулук фонддору тарабынан атасы жок жарым жетим калган балдарга буга чейин 10 балага Кувейт Эл аралык уюму тарабынан ай сайын стипендиялар берилип жатса, быйылкы жылдын деабрь айында да 10 атасы жок балдарга Кувейттик араптар тарабынан кышка карата куртка жана бут кийимдер берилди.
Корул айыл өкмөтүндө тоголок жетим калган балдара райондук администрациясынын башчысы тарабынан шефтикке бөлүнүп берилген мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынын колдоо көрсөтүлүп, кышка карата жылуу кийим-кечектер алынып берилди.
Табигый кырсыктын алдын алуу боюнча:
2015-жылдын ичинде 20 жаран арыз менен кайрылып, жарандардын арызы боюнча ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнө билдирүү берилди. 2015-жылдын 14-июнундагы катуу шамалдын кесепетинен 19 жаран арыз менен кайрылып, анын чинен 7 жарандын турак-үйүнүн чатырын алып кеткендиктен, аларга ӨКМ тарабынан 131 даана шифер жардам берилди. 1-Май айылынын Тынай участкасына сел тосмо, ал эми Тогуз-Булак айылынын Сай участкасына 300 метр аралыкка ӨКМ тарабынан сел тосмо тосулду. Кең-Жылга айылынын Орон-Жылга участкасына ӨКМ тарабынан машина өтүүчү көпүрө курулду.
2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн турак үйлөрү жабыркаган 269 адам арыз менен кайрылып, алардын ичинен биринчи этапта 19 жарандын турак үйлөрү 4-даражада, 31 жарандын турак үйлөрү 3-даражада жабыркагандыгы аныкталды. Ал эми 2-этапта 4-даржада 6 жарандын турак үйү, 3-даражада 18 адамдын турак үйү аныкталды.
Салык боюнча:
Айыл өкмөтүндө физикалык жер салыгына планга 120,000 сом болсо аткарылганы 120,000 сом, юридикалык жер салыгына 38,400 сом болсо, аткарылганы 38400 сом, ыктыярдуу патентке 79,700 сом болсо, аткарылганы 80,000 сом, кыймылсыз мүлккө 2400 сом болсо, аткарылганы 2400 сом, транспорт салыгына 180,000 сом, аткарылганы 202,600 сом, сатуудан алынуучу салыгына 8,200 сом болсо, аткарылганы 8,500сом, киреше салыгына 615,000 сом болсо, аткарылганы 588,900 сом, КБФнун арендасына 31,000 сом болсо, аткарылганы 33,700 сом, айыл чарбасына жараксыз жер салыгы 44,000 сом болсо, аткарылганы 52,100 сом, роялити салыгына 3,200 сом болсо, аткарылганы 8,500 сом төгүлдү.
Жайыт комитети тарабынан Кең-Жылга айылындагы Ак-Таш жана Айкан булагына 30,000 сом, Торпу жайлоосуна жана Шоро-Булак участкасына 148,000 сом, Күндөй-Жаңы участкасынын жолун оңдоо үчүн 10,000 сом акча каражаттары сарпталып оңдолду. Жалпы жайыт комитети тарабынан 2015-жылдын жыйынтыгында планга 274,000 миң сом болсо, 274,450 сом төгүлдү.
Ветеринардык иштер боюнча:
Корул айыл өкмөтүндө ири мүйүздүү малдын башы 2267, кой-эчки 8134 баш, жылкы 1641 баш жана канаттуулардын саны 6146. 2015-жылдын он эки айында яшур оорусуна каршы 2018 баш, кара сан оорусуна 1416 баш ири мүйүздүү малдар эмделди жана бруцеллез оорусун текшерүү үчүн 1567 баш уйдан кан алынып, райондук ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Оспа оорусуна каршы 5864 баш кой эмделип, 5146 баш кой-эчкиге ивермек уколу берилди. Сибирь жарасы жугуштуу оорусуна каршы 1224 баш жылкы, 1917 баш ири мүйздүү малга, 6344 баш кой-эчкиге эмдөө жүргүзүлдү. 414 итке, 47 мышыка азинокс таблеткасы берилип, кутурма оорусуна каршы эмдөөлөр жүргүзүлдү. 158 ит, 41 мышык атылып, атайын казылган ямага өрттөлүп көмүлдү.
ВУС кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча:
Январь айында план 53,500 сом болсо аткарылганы 129,000 сом, февраль айына план 53,500 сом болсо аткарылганы 62,480 сом, март айына план 53,500 сом болсо аткарылганы 64,680 сом, апрел айына 53,500 сом болсо аткарылганы 44,680 сом, май айына 53,500 сом болсо аткарылганы 18,000 сом, июнь айына 53,500 сом болсо аткарылганы 18,400 сом, июль айына 53,500 сом болсо, аткарылганы 58,200 сом, август айына 53,500 сом болсо, аткарылганы 50,000 сом, сентябрь айына 53,500 сом болсо аткарылганы 10,000 сом, октябрь айына 39,500 сом болсо, аткарылганы 49,500 сом, ноябрь айына 39,500 сом болсо, аткарылганы 52,440 сом, декабрь айына 39,500 сом болсо, аткарылганы 57140 сом чогултулуп, 2015-жылдын жыйынтыгында 600,000 сом пландын ордуна 637,640 сом чогултулуп, 37,640 сом ашыкча төгүлдү.
2015-жыл ичинде аткарылган иштер.
1. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата согуштан катпай калган жоокерлерге жеңиш аянты ачылды.
2. Айыл өкмөтүнүн 5 бөлмөсү кезектеги ремонттон өткөрүлүп, евро ремонт жасалды.
3. Айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына Ардак такта орнотулду.
4. Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасына кошумча 30 орундуу тайпа жана балдар үчүн даараткана курулду.
5. К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин айланасы тосулуп, айланасына түнкү жарыктандыруу коюлду жана мектепке музыкалык аспаптар алынып берилди.
6. Ж.Алимов атындагы орто мектебинин ашканасына айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен инвентарлар алынып берилди.
7. М.Маназаров атындагы негизги мектебинин подстанциясы оңдолуп, мектепке бир компьютер толук жабдыгы менен жана бир музыкалык аспап айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржыланды.
8. Ж.Орозов атындагы орто мектебинин тосмосу бүткөрүлүп, мектепке бир компьютер толук жабдыктары менен жана бир музыкалык аспап алынып берилди.
9. Кең-Жылга айылдык китепканасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
10. Маданият үйүнүн эки бөлмөсүнүн эски шыбактары көчүлүп, кайрадан шыбалып евро ремонт болду.
11. Кең-Жылга айылынын Орон-Жылга участкасына ӨКМ тарабынан машина өтүүчү көпүрө курулду.
Жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 7 мугалимге, 3 айылдык Кеңештин депутатына, 1 медициналык кызматкерге айыл өкмөтү менен айылдык Кеңештин «Ардак грамотасы» тапшырылды. Ошондой эле мектептин материалдык-техникалык базасын өркүндөтүп, айланасын көрктөндүрүү боюнча Келечек-муундарга мугалимдердин бай тажрыйбалуулугу менен билим жана тарбия берүүдө, окуучулардын билим деңгээлинин жогорулуулугу үчүн, №27 Жоро Алимов атындагы орто мектеби Корул айыл өкмөтүнүн жана Корул айылдык Кенешинин «I даражадагы диплому» менен сыйланды.
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектеби Корул айыл өкмөтүнүн жана Корул айылдык Кенешинин «I даражадагы диплому» менен сыйланды.