Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-февралы № 28/7
Кыргыз Республикасынын Ош-Баткен облустар аралык мамлекеттик агенттигинин антимонополияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Айбашовдун 16.03.2011-жылдагы буйругунун негизинде
Кыргыз Республикасынын Ош–Баткен облустар аралык мамлекттик агентигинин антимонополияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Айбашовдун 16.03.2011-жылдагы буйругунун негизинде айыл өкмөтүндөгү ветеринардык ооруларга каршы эмдөө боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө ветеринардык ооруларга каршы эмдөө үчүн майда жандыктарга 10 сом, ири мүйүздүү малдарга 25 сом, жылкыларга 30 сом, итке 40 сом, мышыктарга 30 сом өлчөмүндө бир жылга бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүндө ветеринардык оорулардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү, ит-мышыктардын эсебин алуу жагы вет.кызматкер К.Жетибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|