Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 5-апрели № 3/2
Жаны-Арык айылындагы маданият үйүнѳ Кыргыз ССР Жазуучулар Союзунун мүчѳсү, акын Медербек Акимкожоевдин ысмын ыйгаруу жѳнүндѳ
Медербек Акимкожоев 1920-жылы Базар-Турук айылында туулган. 1937-жылы Фрунзедеги зовет техникумду аяктаган.
1940-жылдан «Базар-Турук» колхозунда участкалык зоотехник, эсепчи, сельсоветттин секретары, талаачылык иштери боюнча звеновой болуп эмгектенген, 1964-жылдан «Кызарт» совхозунда кадрлар боюнча инспектор, байланыш бѳлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Медербек Акимкожоев 1952-жылдан баштап ыр жаза баштаган. Акындын алгачкы китеби 1959-жылы баштап чыккан. М.Акимкожоев тѳмѳндѳгү китептердин автору: «Тоо жели» (1959-ж), «Кремлдин жанында» (1962-ж), «Керимбек» (1966-ж), «Ата» (1969-ж), «Кѳгүлтүр тоолор» (1970-ж), «Мээрим» (1977-ж), «Жайлоо таңы» (1980-ж), «Тайна перы» (1984-ж) жана «Кыял чабыттары» (1991-ж).
Медербек Акимкожоев 1959-жылдан баштап, Кыргыз ССР Жазуучулар Союзунун мүчѳсү. М.Акимкожоевдин чыгармачылык эмгеги ѳкмѳт, партия тарабынан жогору бааланып, «В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы», «Эмгектеги каармандыгы үчүн медалы» ошондой эле, Жогорку Советтин «Ардак грамотасы» менен 2 жолу сыйланган.
Жогорудагыларды эске алып, айыл тургуну С.Медербековдун кайрылуусун карап, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылынын тургуну С.Медербековдун кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Жаңы-Арык айылындагы маданият үйүнѳ Кыргыз ССР Жазуучулар Союзунун мүчѳсү, акын Медербек Акимкожоевдин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары «Медербек Акимкожоев атындагы маданият үйү» болуп аталсын;
3. Жаны-Арык айылындагы мурунку берилген Карымшаков Кабылбек атындагы маданий- спорт комплекси деп атоо жѳнүндѳгү Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 20-январь 2005-жылдагы №13 Чечими күчүндѳ калтырылсын;
4. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |