Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 5-апрели № 3/5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри бекитилсин;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |