Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 5-апрели № 3/6
Жаны-Арык айылындагы Кожояр уулу «Баялы акенин» урпактарынын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Жаны-Арык айылында жашаган «Баялы акенин» урпактары, «Баялы акеге» Кочкор-Арал автотрассасынын жээгине, ал кишинин айкелин же бюстун орнотуу үчүн жер аныктап берүү жѳнүндѳ арыз менен кайрылышкан.
«Баялы аке» 1916-жылдагы Үркүндѳ, Россия Империясынын ѳкүлдѳрү менен дипломатиялык алака түзүп, азыркы Жаны-Арык айылынын ошол мезгилдеги тургундарынын теңин Кытайга качырбай, элди бѳѳдѳ кырылуудан сактап калган. Элди дыйканчылыкка үндѳгѳн. Элдин биримдигин, ынтымагын сактоого тынымсыз аракет жасаган.
«Баялы акенин» эл үчүн жасаган эмгеги бир катар тарыхый чыгармаларда жана башка басылмаларда кеңири чагылдырылып жүрѳт. Ошондой эле энциклопедияларда, тарыхый этнографиялык музейде дагы атайын бурчтар уюштурулган.
«Баялы акенин» урпактарынын жазган кайрылууларын угуп жана жогорудагыларды эске алып, айылдык Кенештин депутатарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баялы акенин» айкелин орнотууга уруксат берүү үчүн «Шорго» участкасынан Ыман уурусунун ѳкүлү Ырайдын күмбѳзүнүн күн батыш жагынан, Кочкор-Арал автотрассасынын оң жак жээгинен 60 м аралыкта 0,03 га жер аянты бѳлүнүп берилсин;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |