Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 5-апрели № 3/7
Жаңы-Арык айыл аймагы боюнча айдап-себүүнүн тарифтерин, мал багуунун акысын, корукту чыгаруу убактысын жана айып пулун белгилѳѳ, жайлоого кѳчүү-конуунун убактысын белгилѳѳ, чѳп чабуучу техникалардын акысын бекитүү, сугат жүргүзүүнүн убактысын жана мал башына жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагындагы айыл тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындардын 12.03.2016-жылдагы №1, 14.03.2016-жылдагы №2, №3, №4 жана 15.03.2016-жылдагы №5, №6, №7 протоколдорунун негизинде Жаңы-Арык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Арык айыл аймагы боюнча айдоо-себүүнүн, мал багуунун, чѳп чабуунун корук уюштуруу жана корукка түшкѳн малдын айып пулун, сугат боюнча жана кѳчүп-конуунун мѳѳнѳттѳрү тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
1) Айдоо-себүү боюнча 1 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо – 30 л май, 1200 сом;
- малалоо – 10 л май, 500 сом;
- себүү – 10 л май, 500 сом;
- Шак тартуу – 5 л май 150 сом.
2) Мал багуу боюнча:
- Бодо малга – 300 сом айына
- Кой-эчки – 35 сом айыны.
Эскертүү: Жайыт акысы ичинде
3) Чѳп чабуу боюнча. 1 га жер аянты үчүн:
- КПС – 10 л май, 1200 сом;
- Косилка – 10 л май, 1000 сом
- Пресс-подборщик – 1 түп үчүн 8 сом, 1 га жер аянтына 10 л май.
4) Корук түшкѳн 1 баш малга тѳмѳндѳгүдѳй айып пул белгиленет:
- Бодого – 200 сом;
- Кой-эчки – 30 сом.
Эскертүү: Корук 15-апрелден башталат.
5) Сугат боюнча:
- 1 га чѳп аянтын сугаруу – 5 саат
- 1 га кара сугат – 6 саат
- огород сугаруу – 4 саат. Огород сугаруу кечки 07-00 ден, эртен мененки саат 04-00 гѳ чейин;
Эскертүү: Уруксатсыз суу жыкса суу баскан жер аянтына – 10 миң сом, огороддорго уруксатсыз жыкса 2 миң сом айып пул белгиленет. Кызыл-Эмгек айылы боюнча огород сугаруу кечки 8-00 дѳн, түнкү саат 01-00 чейин белгиленсин
6) Кѳчүү-конуу боюнча.
Мал баккан чабандар:
- 20-апрель 2016-жылга чейин ички жайыттарга кѳчүү;
- 20-июнь 2016-жылга чейин сырткы жайыттарга кѳчүү;
- Күзүндѳ оруп-жыюу ѳнѳктүгү аяктаганга чейин жайлоодон кѳчүп түшүүгѳ болбойт.
2. Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 16-май 2015-жылдагы №5/1 Токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |