АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2015-жылдын 28-августу № 1
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кок-Таш айылынын Арык-Асты участкасыдагы 12га жер аянтын Тажик Республикасынанын Кок-Таш айылына жакын орун алган жер аянтын алмаштыруу маселесин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара маселеси боюнча демаркация жана делимитация иштери журуп жатат. Ак-Сай айыл окмотунун Кок-Таш айылынын Арык-Асты участкасында 36 кожолук кыргыз жарандары жашайт. Бугунку кундо чек ара маселеси тактала электигине байланыштуу эки элдин ортосунда дайыма жер, суу талаш маселелери орун алууда. Арык-Асты участкасында жашаган элдердин окуучу балдары мектепке тажик айылын аралап откондуктон коншулардын балдары тийишкен учурлар кездешет натийжада пикир келишпестике алып келип чыр чатактардын пайда болушуна себеп болууда. Тажик жарандары эгилген эгиндерге тун ичинде мал жандыктарын айдап жиберип, бош турган уйлорго уруксатсыз кирип колго кирген буюмдарды алып чыгып кеткендиктен Арык-Асты участкасында жашаган элдин кыжырдануусун дайыма пайда кылат. Ошондуктан Кок-Таш айылынын Арык-Асты участаксында жашаган жарандардын жогорку бийлик органдарына жазган арыздарынын негизинде, Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл окмотунун Кок-Таш айылынын Арык-Асты участкасынын 12га (он эки гектар) жер аянтын Тажик Республикасына таандык шахмат турундо жайгашкан жерлерине алмаштырууга макулдук берилсин.
2 .Улул токтомдун актарылышы Ак-Сай айыл окмотунун башчысы Э.Ниязкуловко милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы козомолдоо жагы Ак-Сай айылдык Кенешинин торагасына жуктолсун.
Ак-Сай айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары | Б.Арапов |