Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-8

 С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Канал участкасынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Канал участкасынын тургундарынын 11.01.2016-жылдагы Канал участкасындагы жер тилкесине мечит курууга уруксат сурап жазган кирүү №3 саны менен катталган арызын карап чыгып,арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Канал участкасынын тургундарына Канал участкасындагы жер тилкесимуниципалдык менчик катары катталып, мыйзам чегинде мечит курууга макулдук берилсин.

2. Канал участкасындагы жер тилкеси муниципалдык менчикке катталып, мечит куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов