Загрузка документа…
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин.2012-жылдын 26-июлундагы №26-6/2 токтому менен бекитилген. |
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин регламенти
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5, 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 27-1/2, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомдоунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жогорку өкүлчүлүк органы болуп саналат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши-жалпыга бирдей, тең, түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде, партиялык тизмелер боюнча шаардын тургундары тарабынан, 4 жылга шайланган, сессияларда иштей турган, 31 депутаттан турат.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары боюнча, анын компетенциясына кирген маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, чечимдердин жүзөөгө ашырышына көзөмөл жүргүзөт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдери, Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы болгон учурда, алар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары бекиткен тартипте жокко чыгарылат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши–юридикалык жак, анын мамлекеттик символикасы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун символикасы бар мөөрү, бланкалары, штампы, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар.
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши өзүнчө мүлккө, жергиликтүү бюджеттен каржылануу булактарга ээ, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат жана милдеттерди алып барат.
3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына каршы эмес кабыл алынган чечимдерин, шаардын аймагында жайгашкан, менчигине карабастан баардык ишканалар, мекемелер, алардын бирикмелери, шаардык өз алдынча башкаруунун кызматкерлери, атуулдар жана шаардын аймагында жашаган атуулдугу жок адамдар аткарууга тийиш.
4. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, анын органдарынын аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Регламент тарабынан аныкталат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формалары төмөнкүлөр:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары;
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун отурумдары;
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссияларынын, башка шайланган органдарынын отурумдары;
-депутаттык бирикмелердин: фракциялардын, фракциялар коалициясынын жана жумушчу топтордун отурумдары;
-депутаттык угуулар;
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланышкан иш-чаралардын башка формалары, (кеңешмелер, семинарлар, конференциялар ж.б.)