Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-12

 С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Каримова Хикматхон Орунбаевнанын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Каримова Хикматхон Орунбаевнанын 14.01.2016-жылдагы Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү Кара-Коргон каналынын үстүндөгү жер тилкесин контейнер орнотуп, соода түйүнү куруу үчүн мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү сурап жазган кирүү №7 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын негизинде Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү Кара-Коргон каналынын үстүндөгү жер тилкеси контейнер орнотуп, соода түйүнү куруу үчүн мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов