Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-13

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын 22.01.2016-жылдагы Октябрь айылындагы Ак Мазарга баруучу жолду тегиздеп, асфальттап берүүнү суранып жазган кирүү №8 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Ак Мазарга баруучу жолду тегиздеп, асфальттоо үчүн долбоор даярдалып, жергиликтүү инвесторлордун салымы аркылуу жүзөгө ашыруу белгиленсин.

2. Жолду асфальттоо боюнча долбоор тастыкталып, аткаруу иштери башталган учурда, айыл Өкмөтүнүн салымы катары айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу карап чыгылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов