С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-18
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мирахмедов Акбаржон Шукировичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мирахмедов Акбаржон Шукировичтин 19.02.2016-жылдагы Араван суу чарбасы тарабынан турак үй куруу үчүн берилген жерин мыйзамдаштырып берүүнү суранып жазган кирүү №14 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мирахмедов Акбаржон Шукировичтин арызы боюнча тийиштүү документтер жок болгондуктан канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Мирахмедов Акбаржон Шукировичке Араван суу чарбасы тарабынан турак үй куруу үчүн берилген жердин документтери Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте толукталып, айыл Өкмөтүнүн жер комиссиясында кайра каралышы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |