Загрузка документа…
ЫССЫК-КӨЛ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-марты №4
Ысык-Көл районунун аймагында жер салыгын жана 1,2,Зтоптордогу мүлк объектери боюнча мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-ж. №231 «Кыргыз Республикасынын салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3 беренесинин 3 п. ылайык Ысык-Көл районунун жергиликтүү бюжетине салык төлөмдөрүнүн түшүүлөрүн көбөйтүү максатында. Ысык-Көл райондук Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан тартып райондун аймагында төмөнкү салыктын түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
-айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
-короо-жай, багбанчылык-чарба жүргүзүү участогу үчүн жер салыгы;
-1,2,3 топтордогу мүлк объектери боюнча мүлк салыгы.
2. 1,2,3 топтордогу мүлк объектери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын эсептоо тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Мурдагы кабыл алынган жергиликтүү салыктын зоналдык коэффициенттери жана базалык ставкалары күчүндө калтырылсын.
4. Токтомду юстиция тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү райондук кеңештин жооптуу катчысына (Ж.Эсенбаева) тапшырылсын.
5. Токтом райондук "Ысык-Көл баяны" газетасына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ысык-Көл райондук Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ыссык-Көл райондук кеңешинин төрагасы |
Э.Орозов |