Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-20

А. Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мамасаидов Муносибжон Ташалиевичтин арызын кароо жөнүндө

А. Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мамасаидов Муносибжон Ташалиевичтин 19.02.2016-жылдагы дареги боюнча Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1850 м2 мейманкана багытындагы жер тилкесинин ичинен 187,0 м2 жер тилкесине банк жана соода түйүнү куруп, багытын өзгөртүүгө уруксат сурап жазган кирүү №16 саны менен катталган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. А. Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Мамасаидов Муносибжон Ташалиевичке дареги боюнча Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1850 м2 мейманкана багытындагы жер тилкесинин ичинен 187,0 м2 жер тилкесине банк жана соода түйүнү курууга макулдук берилсин.

2. Мамасаидов Муносибжон Ташалиевичке жеке менчик мейманкана багытындагы жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, банк жана соода түйүнү куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов