Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-21

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Навбахор

көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө

 

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн тургундарынын 20.02.206-жылдагы көчөнун жолуна шагыл төгүп, тегиздөөнү, көпүрөө куруп берүүнү жана көчөгө түнкү жарыткычтарды орнотуп берүүнү суранып жазган кирүү №17 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Навбахор көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, тегиздөө, көпүрөө куруу жана көчөгө түнкү жарыткычтарды  орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражат ажыратылсын.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов