С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-22
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Артикхужаев көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Артикхужаев көчөсүнүн тургундарынын 20.02.2016-жылдагы көчөнүн Горький көчөсү менен кесилишкен жерине чейин жолго шагыл төгүп, тегиздеп берүүнү суранып жазган кирүү №18 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Артикхужаев жана Горький көчөлөри кесилишкен аралыктагы жолго шагыл төгүп, тегиздөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |