Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-23

 С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Солиев көчөсүнүн тургуну Хожамбердиев Улугбек Базарбаевичтин арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Солиев көчөсүнүн тургуну Хожамбердиев Улугбек Базарбаевичтин 22.02.2016-жылдагы Араван-Сутхор жолунун оң тарабындагы мурдагы колхоз убагында талаа станы болуп, азыркы күндө бузулуп пайдубалы калган 1645 м2 жер тилкесин мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү суранып жазган кирүү №19 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Солиев көчөсүнүн тургуну Хожамбердиев Улугбек Базарбаевичке Араван-Сутхор жолунун оң тарабындагы мурдагы колхоз убагында талаа станы болуп, азыркы күндө бузулуп пайдубалы калган 1645 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын чегинде мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов