С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-27
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин
дене тарбия мугалимдеринин сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин дене тарбия мугалимдеринин 22.02.2016-жылдагы мектепке спорт жабдуулары жана эмеректери сатып алууга жардам сурап жазган кирүү №23 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Х. Абдуллаев атындагы орто мектепке спорт жабдуулары жана эмеректери сатып алууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |