С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-56
Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Б. Турдубаевдин сураныч катын кароо жөнүндө
Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Б. Турдубаевдин 02.02.2016-жылдагы айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде иштеген жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен чарбачылык жүргүзүү үчүн кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөп берүү жөнүндө чыгуу №69 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинде каражат жетишсиз болгондуктан Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Б. Турдубаевдин сураныч каты канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |