Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-61

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы орто мектептин ата-энелер комитетинин, мугалимдер жамаатынын сураныч катын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы орто мектептин ата-энелер комитетинин, мугалимдер жамаатынын 27.02.2016-жылдагы мектептин экинчи кабатын тургузуу же болбосо курулуш бүтпөй калган алты бөлмөлү имараттын курулушун аяктоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган чыгуу №18 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы орто мектептин экинчи кабатын тургузуу же болбосо курулушу бүтпөй калган алты бөлмөлү имаратты куруу үчүн долбоор даярдалып, чет элдик инвесторлордун салымы аркылуу жүзөгө ашыруу белгиленсин.

2. Мектептин экинчи кабатын тургузуу же болбосо курулушу бүтпөй калган алты бөлмөлү имаратты куруу боюнча долбоор тастыкталып, аткаруу иштери башталган учурда, айыл өкмөтүнүн салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу карап чыгылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов