Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-62

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы Манас атындагы орто мектептин чарбалык иштер боюнча кызматкери Х. Кандибаеванын жана мектептин админстрациясынын сураныч катын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы Манас атындагы орто мектептин чарбалык иштер боюнча кызматкери Х. Кандибаеванын жана мектептин админстрациясынын 27.02.2016-жылдагы мектептин класстык бөлмөлөрүн полун ремонттоого, ашкана эмерек жана жабдууларын сатып алууга, таза суу түтүгүн оңдоп берүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган чыгуу №89 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылындагы Манас атындагы орто мектептин класстык бөлмөлөрүн полун ремонттоого, ашкана эмерек жана жабдууларын сатып алууга, таза суу түтүгүн оңдоп берүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 55000 (элүү беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов