Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-64

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын 20.02.2016-жылдагы “Тевет” каналынын бир бөлүгүн эксковатор менен чаап, тазалоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь “Тевет” каналынын бир бөлүгүн эксковатор менен чаап, тазалоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 30000 (отуз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов